
Жарыяланган
2026-08-10, 13:09Кыргызстанда алманын импортун 6 айга убактылуу чектөө мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул демилге ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана 2026-жылдагы түшүмдү сатууга шарт түзүүгө багытталган.
Министрлик тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп жатат. 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 179.4 миң тонна алма өндүрүлөрү күтүлүүдө. Өлкө боюнча мөмө берүүчү алма бактарынын аянты 26.3 миң гектарды түзөт.
Маалыматка ылайык, түшүм жыйноо маалында ички рыноктогу алманын көлөмү кыйла көбөйөт. Ушуга байланыштуу импортту убактылуу чектөө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сезондук продукциясын сатууга шарт түзүп, түшүмдүн жоготууларын азайтууга багытталат.
Ошол эле учурда демилгени кароодо ички рынокту алма менен камсыз кылуу жана калк үчүн анын жеткиликтүүлүгүн сактоо зарылдыгы эске алынат.
Импортту чектөөнүн акыркы мөөнөтү жана шарттары токтомдун долбоору каралгандан кийин аныкталат.
