Akchabarsearch
Кыргызстанда дыйкандарга лизинг аркылуу дээрлик 12 миң айыл чарба техникасы берилди

Жарыяланган

2026-03-08, 16:04

Кыргызстанда дыйкандарга лизинг аркылуу дээрлик 12 миң айыл чарба техникасы берилди

2011-жылдан бери Кыргызстанда мамлекеттик лизингдик программалар аркылуу дыйкандарга 11 миң 986 даана айыл чарба техникасы берилип, анын жалпы наркы 24.8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жети лизингдик долбоор Министрлер кабинетинин колдоосу менен «А Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу ишке ашырылып келет.

Лизингдин алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар 7 жылга чейин, жылдык 6% жеңилдетилген пайыздык чен менен берилет.

2026-жылдын башынан бери эле айыл чарба өндүрүүчүлөрү 6.7 млрд сомдук 2 миң 186 даана техника алышкан.

Министрликтин маалыматына ылайык, айыл чарба техникасын жаңылоо дыйкандарды колдоонун жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.


Тектеш материалды окуу