
Жарыяланган
2026-10-04, 16:36Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң көп кадр жетишсиздиги билим берүү, саламаттык сактоо жана курулуш тармактарында байкалууда. Бул тууралуу Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүргүзгөн жаштар эмгек рыногу боюнча изилдөөдө айтылат.
Билим берүү тармагында мугалимдерге, бала бакча тарбиячыларына жана так илимдер боюнча окутуучуларга — математика, физика, химия жана астрономия мугалимдерине суроо-талап жогору.
Саламаттык сактоо тармагында стоматологдор менен гинекологдор аймактарда жетишсиз. Курулуш тармагында заманбап стандарттарды, экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды билген адистерге суроо-талап өсүүдө.
Ошондой эле баштапкы кесиптик билимге ээ адистерге чоң муктаждык бар — алар жалпы эмгек рыногунун 43.3%ын түзөт. Бул категорияда тигүүчүлөр, ашпозчулар, официанттар, жана айдоочулар эң көп талап кылынат.
Орто кесиптик билимдүү адистерге муктаждык 30.1%ды түзөт. Эң көп талап кылынгандардын катарына техник-программисттер, бухгалтерлер, технологдор жана электриктер кирет.
Акыркы жылдары эмгек рыногунда жаңы кесиптер пайда болуп, алар азырынча билим берүү системасында толук камтылган эмес. Алардын ичинде SMM адистери, контент-мейкерлер, таргетологдор, баристалар, барберлер жана башка жаңы багыттар бар.
Бул кесиптердин көбүн кыска убакытта үйрөнүп, жумуш рыногуна чыгууга болот. Бул максатта Эмгек министрлиги «Жаштар стажировкасы» программасын ишке ашырууда. Ал 16дан 35 жашка чейинки жарандарга акысыз кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, ишканаларда алгачкы иш тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Программа өлкөдөгү 30 пилоттук шаар жана райондо иштеп жатат. Стажерлорду кабыл алууну каалаган иш берүүчүлөр арыз бере алышат. Ал эми жаштар программага катталып, стажировкадан өтө алышат.
