
Жарыяланган
2026-20-11, 10:102026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандагы камсыздандыруу компанияларына 9.3 млрд сом камсыздандыруу төгүмү түшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 20 камсыздандыруу компаниясы иш алып барат. Алардын жалпы кирешеси 35%га өсүп, 11 млрд сомдон ашкан. Бирок компаниялардын таза пайдасы дээрлик үчтөн бирге азайып, 697.5 млн сомду түзгөн.
Жыл башынан бери 2 миллиондон ашык камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Анын 88%ы жеке жактарга туура келсе, 52%га жакыны ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери болгон.
Бул мезгилде 52 миңден ашык камсыздандыруу учуру катталган. Анын 42%ы автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга (ОСАГО), 26%ы кырсыктардан жана оорулардан ыктыярдуу камсыздандырууга туура келген.
Камсыздандыруу компаниялары жарандарга жана ишканаларга жалпысынан 1.7 млрд сом төлөп берген. Анын 56%ы мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга, 28%га жакыны ОСАГО боюнча төлөмдөргө туура келген.

