Akchabarsearch
Кыргызстанда курулуш тармагы 10 айда 61.5%га өстү

Жарыяланган

2026-18-11, 15:56

Кыргызстанда курулуш тармагы 10 айда 61.5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында жалпы наркы 16.9 млрд сомдон ашкан 262 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулуп, оңдолгон объектилердин арасында:

  • 104 мектеп, анын ичинде үч облустагы президенттик «Акылман» лицейи;
  • 39 бала бакча;
  • 32 саламаттык сактоо мекемеси;
  • 62 маданият жана спорт объектиси бар.

Салыштырсак, 2025-жылы жалпы наркы 23.8 млрд сом болгон 291 социалдык объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөн.

Мындан тышкары, быйылкы жылдын январь–октябрь айларында өлкөнүн курулуш тармагы 61.5%га өскөн.


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанда курулуш тармагы 10 айда 61.5%га өстү

    Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында жалпы наркы 16.9 млрд сомдон ашкан 262 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
    2026-18-11 09:56:04
Кыргызстанда курулуш тармагы 10 айда 61.5%га өстү Акчабарда