Akchabarsearch
Кыргызстанда мындан ары иш күндөрү ишембиге которулбайт
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-04-02, 11:50

Кыргызстанда мындан ары иш күндөрү ишембиге которулбайт

Кыргызстанда мындан ары иш күндөрү ишембиге которулбайт. Майрам күндөрдү кыскартуу боюнча жаңы Эмгек кодексине президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон калат, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт. Тагыраагы, ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт. 


Тектеш материалды окуу