Akchabarsearch
Кыргызстанда мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулду
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-25-11, 08:45

Кыргызстанда мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулду

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулду.

Улуттук банктан билдиришкендей, жаңы эреже 31-декабрга чейин күчүндө болот.

Мындай тыюу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү. Ал эми терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө тиешеси жок.


Тектеш материалды окуу