
Жарыяланган
2026-06-07, 14:52Кыргызстанда өнөр жай тармагы өсүүнү улантууда. 2026-жылдын январь-май айларында өлкөдө 374.7 млрд сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмү 14.4%га көбөйдү.
Расмий маалыматка ылайык, бир гана май айында 76.1 млрд сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын май айына салыштырмалуу 13.4%га жогору.
Өндүрүштүн өсүшүнө бир катар тармактар салым кошту. Атап айтканда:
Мындан тышкары, курулуш материалдарын өндүрүү 36.1%, тазаланган мунай продукцияларын чыгаруу 43.7%, тамак-аш жана суусундук өндүрүшү 15.7%, негизги металлдарды өндүрүү 12.4%га көбөйдү.
Ошондой эле пайдалуу кендерди казуу тармагында да оң динамика байкалып, өндүрүш көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 19.7%га өскөн.
