
Жарыяланган
2025-17-11, 09:35Кыргызстанда оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалык оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөткөн профилактикалык иш-чараларды улантууда.
Анда иш-чаранын негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу экени айтылат.
Бул багытта башкармалыктын кызматкерлери курулуш материалдарын жана башка оор жүктөрдү ташыган айдоочулар менен жеринде жолугуп, бир катар талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, унаанын техникалык абалын тынымсыз көзөмөлдөө милдеттендирилди.

