
Жарыяланган
2026-26-10, 18:00Кыргызстанда органдарды алмаштыруу операцияларына быйыл жалпы 64 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 26-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтылды.
Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, бул багытка 2024-жылы 100 млн сом, 2025-жылы 33 млн сом бөлүнгөн. Ал бөлүнгөн каражаттардын кандай жумшалганына көзөмөл жүргүзүү жана Эсептөө палатасынын отчеттору боюнча маселе көтөрдү.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев өлкөдөгү үч медициналык мекемеде жалпы 116 операция жасалганын билдирди. Анын ичинен 89у Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 19у Кыргыз-түрк достугу ооруканасында, дагы 8и Ош мамлекеттик университетинин клиникасында жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, депутаттар министрликтин отчетунда чет өлкөдө жасалган операциялар тууралуу маалымат жок экенин белгилешти.
Ошондой эле операциялардын баасы, бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоо жана орган алмаштырууга муктаж адамдардын бирдиктүү тизмесин түзүү маселелери талкууланды.
