Akchabarsearch
Кыргызстанда орточо айлык акы 51 миң 888 сомду түздү

Жарыяланган

2026-21-07, 15:08

Кыргызстанда орточо айлык акы 51 миң 888 сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–май айларында орточо номиналдык айлык акы 51 миң 888 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25%га жогорулаган.

Орточо эмгек акынын эң жогорку деңгээли маданият, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, токой чарбасы жана башка айрым тармактарда катталган.


Тектеш материалды окуу