
Жарыяланган
2026-08-09, 16:38Пайдалуу кендерди казуу продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 2026-жылдын январь-июлунда 52 млрд 184.3 млн сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 16.9%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Өсүш негизинен:
• башка пайдалуу кендерди казууда — 2 эсеге;
• металл рудаларын казууда — 21%га;
• көмүр казууда — 11.7%га байланыштуу болду.
Ал эми быйылкы июль айында өндүрүш көлөмү 8 млрд 170.8 млн сомду түзүп, былтыркы июлга салыштырмалуу 38.5%га өстү.
