Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-26-09, 17:50

Кыргызстанда QR-код аркылуу төлөм жүргүзгөндөр көбөйүүдө

Улуттук банк QR-коддорду колдонуу менен төлөм жүргүзүү тенденциялары боюнча маалымат берди. 

Ага ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрына карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 63,2 миңден ашуун QR-коддор орнотулса, 2023-жылдын аягына карата 38,9 миң QR-код орнотулган.

Аймактар боюнча орнотулган QR-коддордун саны төмөнкүдөй:

  • Баткен облусунда – 1 миң 630;

  • Жалал-Абад облусунда – 4 миң 719;

  • Ысык-Көл облусунда – 3 мин 205;

  • Нарын облусунда – 1 миң 245;

  • Ош облусунда – 5 миң 678;

  • Талас облусу – 1 миң 361;

  • Чүй облусунда -1 миң 361;

  • Бишкек шаарында 24 миң 984ү түздү.


Тектеш материалды окуу