akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-09, 15:00

    Кыргызстанда сегиз миңден ашык бош жумуш орду бар

    Кыргызстанда иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата сегиз миңден ашык бош жумуш орун бар.

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, вакансиялар төмөнкү кесиптер боюнча бош:

    • мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;

    • саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;

    • кассирлер – 151;

    • соода агенттери – 63;

    • менеджерлер - 59

    • бухгалтерлер – 46;

    • юристтер – 25;

    • экономисттер – 7;

    • инженер-строитель – 48;

    • психологдор –18;

    • тигүүчүлөр – 2276;

    • курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;

    • айдоочулар – 463;

    • кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;

    • ар тараптуу жумушчулар – 2344.

    "Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 1899 номерине чалып (иш күндөрү саат 09:00-18:00 чейин), маалымат алса болот", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу