Akchabarsearch
Кыргызстанда Улуу Британияга сезондук жумушка онлайн каттоо башталды

Жарыяланган

2025-08-12, 18:02

Кыргызстанда Улуу Британияга сезондук жумушка онлайн каттоо башталды

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга HOPS Labour Solutions Ltd оператору аркылуу сезондук жумушка онлайн каттоо башталганын билдирди.

Каттоо 8-декабрдан 11-декабрга чейин онлайн жүргүзүлөт. Өтүнмөнү борбордун сайты жана Instagram аркылуу тапшырууга болот. Катышуу үчүн жарактуу паспорт жана аты-жөнүңүзгө шайкеш электрондук почта керек. Онлайн каттоо программага кызыгууңузду гана тастыктайт, кийинки этапка өтүүнү кепилдебейт.

Орус тили боюнча онлайн-тест январда, жеке маек февралда өтөт. Ал эми жумуш апрель айында башталат, эмгек акы саатына 12.71 фунтту (1 миң 478 сом) түзөт. Жумасына кеминде 32 саат иштеш керек болот. Визага 319 фунт (37 миң), ошондой эле учак билетке өзүнчө акча төлөш керек.

Кандидаттардын жашы 18 жаштан жогору, орус тилин билген, ден соолугу жакшы болушу керек. Бул программага аялдар дагы катышса болот. 

Тандоону толугу менен HOPS жүргүзөт. 


Тектеш материалды окуу