Akchabarsearch
Кыргызстанда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат алуу акысы бир айга арзандатылды

Жарыяланган

2026-06-11, 16:06

Кыргызстанда унаанын айнегин караңгылатууга уруксат алуу акысы бир айга арзандатылды

Кыргызстанда 5-ноябрдан 5-декабрга чейин унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуу акысы убактылуу төмөндөтүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети 4-ноябрда кабыл алган.

Жаңы тарифтерге ылайык, уруксат алуу акысы төмөнкүдөй белгиленди:

- Кыргызстандын жарандары үчүн — 250 эсептик көрсөткүч (25 миң сом);
- юридикалык жактар үчүн — 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом);
- резидент эместер үчүн — 700 эсептик көрсөткүч (70 миң сом).

Ал эми электромобилдер үчүн төлөмдөр төмөнүрөөк:

- Кыргызстандын жарандары үчүн — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом);
- юридикалык жактар үчүн — 400 эсептик көрсөткүч (40 миң сом);
- резидент эместер үчүн — 600 эсептик көрсөткүч (60 миң сом).

Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет. Жаңы тарифтер M1 жана M1G категориясындагы жеңил унааларга тиешелүү.

Токтом 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып күчүнө кирди.


Тектеш материалды окуу