Akchabarsearch
Кыргызстанда жаш ата-энелерди каржылык жана санариптик сабаттуулукка окутуу башталат

Жарыяланган

2026-11-03, 16:32

Кыргызстанда жаш ата-энелерди каржылык жана санариптик сабаттуулукка окутуу башталат

Кыргызстанда жаш ата-энелерди каржылык жана санариптик сабаттуулукка окутуу башталат. Тиешелүү жобого министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул документ үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана жаш үй-бүлөлөрдүн заманбап көндүмдөрүн арттырууга багытталган.

Окутуу 35 жашка чейинки никеге туруучу адамдар же бала тарбиялап жаткан жарандар үчүн жүргүзүлөт. Курстарда үй-бүлөлүк бюджетти пландоо, киреше-чыгашаны башкаруу жана мамлекеттик электрондук кызматтарды колдонуу үйрөтүлөт.

Ошондой эле программада жоопкерчиликтүү ата-эне болуу, үй-бүлөдөгү туура мамиле жана эмоционалдык интеллектти өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул билимдер үй-бүлөнүн каржылык туруктуулугун камсыздоого тийиш.

Окуу жумуш ордунда узактыгы эки күндүк кыска курстар түрүндө өткөрүлөт. Биринчи кезекте аз камсыз болгон жаш үй-бүлөлөр кабыл алынат. Окууну аяктагандарга атайын сертификат берилет.

Курстарды уюштуруу жана программаларды иштеп чыгуу жаштар саясаты тармагындагы мамлекеттик органга жүктөлдү. Каржылоо мамлекеттик бюджеттин жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу