Akchabarsearch
Кыргызстанда жыгач жана токой материалдарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилет

Жарыяланган

2026-10-06, 14:58

Кыргызстанда жыгач жана токой материалдарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилет

Министрлер Кабинети Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары жыгач жана токой материалдарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Документке ылайык, чектөө ТЭИ ТН 4401, 4403 жана 4407 коддору менен классификацияланган жыгач жана токой материалдарына тиешелүү.

Жаңы тартип 6 айга киргизилет жана расмий жарыялангандан үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Чектөөдөн бир гана гуманитардык жардам катары Министрлер Кабинетинин чечими менен жөнөтүлгөн жыгач жана токой материалдары чыгарылат.

Токтомдо ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жыгачтын мыйзамсыз чыгарылышын алдын алуу боюнча көзөмөлдү күчөтүшү керектиги белгиленген. Бул чаранын киргизилиши тууралуу маалымат белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү уюмдарга жөнөтүлүшү керек.

Документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
 


Тектеш материалды окуу