Akchabarsearch
2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ачылган

Жарыяланган

2026-18-11, 14:32

2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ачылган

Кыргызстанда 2026-жылдын аягына чейин «Орто-Токой» ГЭСин жана кубаттуулугу 20.3 мегаватт болгон дагы 6 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу 18-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ишке киргизилген. Ал эми 2025-жылы Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери толук аяктап, кубаттуулугу 1 миң 200дөн 1 миң 440 мегаваттка чейин көбөйтүлгөн.

Мындан тышкары, «Үч-Коргон» ГЭСин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Анын кубаттуулугун 180ден 216 мегаваттка чейин жогорулатып, жыл аягына чейин пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинде кубаттуулугу 120 мегаватт болгон экинчи агрегатты орнотуу иштери жүрүүдө. Аны 2028-жылы аяктоо пландалган.

Касымалиев өлкөдө күн энергиясын өндүрүү да өнүгүп жатканын белгиледи. 2025-жылы Кеминде кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясы ачылса, быйыл Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында дагы бир ири станция ишке кирген.

Ал эми 2026-жылдын 1-октябрына карата өлкө боюнча 1 млн 108 миң 700 акылдуу электр эсептегич орнотулган. 2027-жылдын аягына чейин бардык тиричилик абоненттерин мындай эсептегичтер менен камсыздоо пландалууда.


Тектеш материалды окуу

  • 2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ачылган

    Кыргызстанда 2026-жылдын аягына чейин «Орто-Токой» ГЭСин жана кубаттуулугу 20.3 мегаватт болгон дагы 6 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу 18-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
    2026-18-11 08:32:55
2021-жылдан бери өлкөдө 35 чакан ГЭС ачылган Акчабарда