
Жарыяланган
2026-30-10, 14:56Кыргызстанда расмий каттоодо турган жумушсуз адамды ишке алган ишкерлерге ар бир кызматкер үчүн 150 миң сомдон кайтарымсыз акча берилет. Бул тууралуу эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясoв билдирди.
Жаңы долбоор «Социалдык контракт» программасынын алкагында ишке ашырылат. Ал 12 айга созулуп, Бишкек, Ош, Каракол шаарларын жана Кадамжай районун камтыйт.
150 миң сом алуу үчүн ишкердин туруктуу киреше булагы болушу керек. Ошондой эле ал жумушка алган адамга канча айлык төлөй турганы жана аны окутууга мүмкүнчүлүгү бар-жогу эске алынат.
Жумушка орношууда мурда «Социалдык контракт» программасына катышкандарга артыкчылык берилет.
"Социалдык контракт" программасы 2022-жылдан бери иштеп келет. Беш жыл ичинде өлкө боюнча дээрлик 60 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттен жардам алган.
Алардын баштаган иштеринин 76%ы айыл чарбасына, 11%ы өндүрүшкө, 7%ы соодага жана 6%ы кызмат көрсөтүүгө байланыштуу.
Алгач үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилсе, 2025-жылдан тарта бул сумма 150 миң сомго көбөйгөн.
Министрликтин маалыматына ылайык, программага алгач катышкан 31 үй-бүлө жылдык кирешесин 1 млн сомдон ашыра алган.

