Akchabarsearch
Кыргызстандагы  “Ага Хан”  фонду жабылууда

Жарыяланган

2026-18-06, 17:53

Кыргызстандагы “Ага Хан” фонду жабылууда

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган Ага Хан фондунун өкүлчүлүгү жабылуу процесси башталганын жарыялады. 2006-жылдын 19-апрелинде катталган бул уюм 20 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин өз ишин токтотууда.

Буга байланыштуу фонддун бардык кредиторлору жана башка кызыкдар тараптар эки айдын ичинде өз талаптарын коюуга укуктуу.

Ага Хан фонду билим берүү, саламаттык сактоо, айыл аймактарын өнүктүрүү, экономикалык туруктуулукту чыңдоо жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу багыттарында иш алып барган эл аралык уюмдардын бири болуп саналат. Уюм дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө долбоорлорду ишке ашырып, аялуу катмарларды колдоого жана узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Кыргызстанда Ага Хан фонду жыйырма жылдан ашык убакыттан бери билим берүү, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу, ишкерликти колдоо жана тоолуу аймактардагы жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча программаларды ишке ашырып келген.

Ошол эле учурда жарыяланган билдирүү фонддун «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы өкүлчүлүгүнө гана тиешелүү. Анын жабылышынын себептери жана бул чечимдин Кыргызстандагы учурдагы программаларга тийгизе турган таасири азырынча маалымдала элек.
 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстандагы “Ага Хан” фонду жабылууда

    «Бишкек» эркин экономикалык аймагында катталган Ага Хан фондунун өкүлчүлүгү жабылуу процесси башталганын жарыялады. 2006-жылдын 19-апрелинде катталган бул уюм 20 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин өз ишин токтотууда.
    2026-18-06 11:53:37