
Жарыяланган
2026-13-07, 13:222026-жылдын январь–март айларында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын таза пайдасы 7.46 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 209.3 млн сомго же 3%га көп.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө 24 коммерциялык банк жана алардын 309 филиалы иштеп жатат.
Биринчи кварталда банктардын жалпы кирешеси 42.2 млрд сом болуп, былтыркыга салыштырмалуу үчтөн бирине көбөйгөн. Ал эми чыгымдары 34.7 млрд сомду түзүп, 42.7%га өскөн.
Үч айдын жыйынтыгы менен 19 банк 7.6 млрд сом пайда тапса, 5 банк 158.5 млн сом чыгаша тарткан.

