
Жарыяланган
2026-21-09, 12:232026-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жалпы активдери 81.4 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 8.5 млрд сомго көп. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
МФУлардын кредиттик портфели 68.7 млрд сомго жетип, 7 млрд сомго көбөйдү. Ислам принциптери боюнча берилген каржылоонун көлөмү 2,3 млрд сомду түзүп, 0.3 млрд сомго өстү.
Алардын уставдык капиталы 15.8 млрд сомго жетип, 0.8 млрд сомго көбөйдү.
Ал эми депозиттик базанын жалпы көлөмү 3.7 млрд сомго өсүп, 14 млрд сомду түздү.
