Akchabarsearch
Кыргызстандык экспорттоочулар БАЭ рыногуна бажы төлөмүсүз чыга алышат

Жарыяланган

2026-19-06, 14:52

Кыргызстандык экспорттоочулар БАЭ рыногуна бажы төлөмүсүз чыга алышат

Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы экономикалык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялады. Документке 2025-жылдын 27-июнунда Минск шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана БАЭнин мамлекет башчылары кол койгон.

Келишим ЕАЭБ менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы сооданы жеңилдетүүгө жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Анын негизги шарттарынын бири — айрым товарларга бажы төлөмдөрүн алып салуу жана товарларды эки тараптын рыногуна чыгарууну жеңилдетүү.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, келишим күчүнө киргенден кийин кыргызстандык экспорттоочулар Бириккен Араб Эмираттарына айрым товарларды бажы төлөмүсүз экспорттой алышат. Алардын катарына кой эти, уй эти, эт консервалары, кошумча эт азыктары, бал, жаңгак, кургатылган жашылчалар, мөмө ширелери жана кычкыл сүт азыктары кирет.

Мындан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн айрым өнөр жай товарларын да БАЭге экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алардын арасында кийим-кече үчүн даярдалган үлгүлөр, таңгактоочу баштыктар жана пакеттер, пахта жана синтетикалык кездемеден тигилген костюмдар, футболкалар жана башка товарлар бар.

Документте ошондой эле стандарттарды жана техникалык талаптарды колдонуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык эрежелерди жөнгө салуу маселелери камтылган. Андан тышкары, электрондук соода, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык жана бажы тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү каралган.

Министрлер кабинетинин баамында, бул келишим Кыргызстандын БАЭ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Натыйжада соода жүгүртүү көбөйүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга жана инвестиция тартууга шарт түзүлүшү мүмкүн.

Эми келишимдин күчүнө кириши үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бардык ички жол-жоболор аяктаганы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына расмий билдирүү жөнөтүшү керек.
 


Тектеш материалды окуу