
Жарыяланган
2026-22-07, 16:18Экономика министрлиги Россиядагы Wildberries-Russ компаниясынын кампаларындагы окуядан жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин чыгымын аныктоо иштерин баштады.
Министрликтин маалыматына ылайык, 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Воробьев менен жолугушту.
Жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы компаниянын кампаларына учкучсуз аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды.
Окуядан кийин кампаларда сакталган товарлардын арасында кыргызстандык ишкерлерге, анын ичинде тигүү тармагындагы өндүрүүчүлөргө тиешелүү продукциялар да жабыркаган.
Wildberries-Russ компаниясы учурда кампалардын канчалык деңгээлде жабыркаганын жана ал жерде сакталган товарлардын көлөмүн аныктап жатат. Ошондой эле кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарлары өзүнчө текшерилүүдө.
Министрлик ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзүп, келтирилген чыгым тууралуу маалыматтарды чогултууда.
Зыяндын так көлөмү аныкталып, Wildberries-Russ компаниясынан расмий маалымат алынгандан кийин маселени чечүү боюнча кошумча сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
