
Жарыяланган
2026-31-03, 15:24Былтыр 2024-жылга салыштырмалуу карыз алуучулардын саны 1.5 эсеге өстү. Берилген микрокредиттердин көлөмү дээрлик 32% көбөйүп, 86 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, микрокредиттерди 1 млн 685.6 миң адам алган. Карыз алуучулардын басымдуу бөлүгүн Бишкек шаарынын жана түштүк аймактардын тургундары түзөт.
Каражаттарды пайдалануу түзүмү көрсөткөндөй, микрокредиттердин 62%га жакыны керектөө муктаждыктарына (тамак-аш, кийим-кече, турак жай, эс алуу, дарылануу) жумшалган.
Микрокредиттердин кеңири колдонулушу калктын кирешеси жетишсиз экенин көрсөтүшү мүмкүн. Мындай шартта алынган каражаттар көбүнчө өнүгүүгө эмес, күнүмдүк чыгымдарды жабууга багытталып, бул карыз жүгүн көбөйтүп, үй чарбаларынын каржылык туруктуулугун алсыратат.
Ошол эле учурда берилген каражаттардын болжол менен 15%ы айыл чарбасына, ал эми 10%дан ашыгы соода жана коомдук тамактануу тармагына багытталган.

