Akchabarsearch
Кыргызстандын буурчагын Пакистан рыногуна чыгаруу маселеси талкууланды

Жарыяланган

2026-06-02, 14:53

Кыргызстандын буурчагын Пакистан рыногуна чыгаруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын буурчагын Пакистан рыногуна чыгаруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-министр Бектен Бекболотов менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуусу өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар айыл чарба, соода жана халяль-индустрия боюнча эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө талкуулашты.

Кыргызстандын буурчагын Пакистан рыногуна экспорттоону кеңейтүү жана айыл чарба продукциясынын өз ара соодасын өнүктүрүүгө бөлүндү.

Пакистан тарап Кыргызстан менен сүттү кайра иштетүү жана сүт өндүрүшүн өнүктүрүү тажрыйбасын алмашууга кызыкдар экенин билдирди. 

Ошондой эле Пакистан техникалык жардам программасы алкагында айыл чарба жана токой чарбасында кыска жана узак мөөнөттүү окуу курстарын сунуштады.


Тектеш материалды окуу