
Жарыяланган
2026-04-05, 09:312026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин операциялык чыгымдарынын негизги бөлүгү социалдык-маданий тармакка багытталган. Бул багытка 28 млрд 750.1 млн сом бөлүнүп, жалпы чыгымдардын 44.7%ын түзгөн.
Экинчи орунда экономикалык ишмердүүлүк турат. Бул тармакты өнүктүрүүгө 17 млрд 821.3 млн сом жумшалып, операциялык чыгымдардын 27.7%ына барабар болгон.
Дээрлик ушундай эле көлөмдөгү каражат мамлекеттик жалпы кызматтарга, ошондой эле коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздук тармагына бөлүнгөн. Бул багыттарга жалпы 17 млрд 513 млн сом каралып, чыгымдардын 27.2%ын түзгөн.
Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо эң аз каржыланган тармак болуп калды. Бул багытка болгону 242.5 млн сом бөлүнүп, жалпы операциялык чыгымдардын 0.4%ын гана түзгөн.
