Akchabarsearch
Мигранттар пенсиялык төгүмдөрдү эми онлайн төлөй алышат

Жарыяланган

2026-08-09, 12:26

Мигранттар пенсиялык төгүмдөрдү эми онлайн төлөй алышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө "Өкмөттүк акселераторлор" аттуу 100 күндүк программанын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 18-майында аталган программанын алкагында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 3 реформа демилгеленген. 

Биринчи реформа эмгек мигранттарынын мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Эми чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар Кыргызстанга келбей эле пенсиялык камсыздандыруу системасына катышып, ыктыярдуу төгүмдөрдү төлөй алышат. Бул аркылуу алар чет өлкөдө жүрүп да пенсиялык укуктарын топтой алышат.

Буга чейин Салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү үчүн салык органына жеке кайрылуу керек болсо, эми бул кызматтарды алыстан алууга болот. Ошондой эле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн банктык карта аркылуу онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. «Түндүк» тиркемеси аркылуу телефон номерин колдонбостон катталып, электрондук кол тамга алууга да шарт түзүлдү.

Кийинки реформа окуучулардын алдын алуу медициналык кароосун жана ооруга чалдыгууну эсепке алууну санариптештирүүгө багытталган. Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы жана президенттин администрациясынын координациясы менен 095/у формасындагы медициналык маалымкат жана 026/у формасындагы алдын алуу медициналык кароонун картасы электрондук форматта жүргүзүлдү.

Жаңы система кагаз иштерди азайтып, окуучулардын медициналык маалыматтарын бирдиктүү базага топтоого мүмкүндүк берет. Күтүлүп жаткан бюджеттик үнөм болжол менен 50 млн сомду түзөт.

Үчүнчү реформа медициналык жана фармацевтикалык лицензияларды алууну жеңилдетти. Эми ишкерлер документтерди онлайн тапшырып, мамлекеттик алымды төлөп, арыздын каралышын интернет аркылуу көзөмөлдөй алышат.

Буга чейин лицензия алуу үчүн документтерди кагаз түрүндө тапшырып, мамлекеттик органдарга жеке баруу керек болчу. Жаңы система менен лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды.


Тектеш материалды окуу

Мигранттар пенсиялык төгүмдөрдү эми онлайн төлөй алышат Акчабарда