Akchabarsearch
Кыргызстандын көмүр кендеринде үч ири жылуулук электр станциясын куруу пландалууда

Жарыяланган

2026-22-01, 17:02

Кыргызстандын көмүр кендеринде үч ири жылуулук электр станциясын куруу пландалууда

Кыргызстандын көмүр кендеринде үч ири жылуулук электр станциясын (ЖЭС) куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Энергетика министри Ибраев  GPRC, NRP жана KCG компанияларынын Консорциумунун жетекчилиги Константин Пановко жана Александр Онг менен жолугушкан. 

Жыйындын жүрүшүндө Консорциумдун жетекчилиги  эл аралык стандарттарга ылайык таза көмүр технологиясын колдонуу менен ар бири 350 МВт жалпы кубаттуулугу 1050 МВт болгон үч ЖЭСти куруу, каржылоо ниети бар экенин билдирген.

Алардын айтымында, бул үчүн адистер көмүрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрүн (күлдүүлүгү, нымдуулугу ж.б) изилдеп чыгышы керек.

Ибраев өз кезегинде долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга зарыл болгон бардык маалыматтарды изилдөө иштерин жүргүзүүгө чакырып, Министрлик тарабынан  зарыл болгон колдоолорду көрсөтөөрүн айткан.

 


Тектеш материалды окуу