
Жарыяланган
2026-07-08, 13:23Кыргызстандын мамлекеттик карызы 30-июнга карата 883.1 млрд сомду же 10.1 млрд долларды түздү. Бул өлкөнүн күтүлүп жаткан экономика көлөмүнүн 37.53%ына барабар. Бул тууарлуу Каржы министрлигинин маалыматтарында көрсөтүлгөн.
Тышкы жана ички карыздын көлөмү дээрлик теңелди. Кыргызстан чет өлкөлүк кредиторлорго 5.22 млрд доллар карыз. Бул жалпы мамлекеттик карыздын 51.6%ын түзөт. Ал эми дагы 4.88 млрд доллар же 48.4% өлкө ичинде алынган.
Алардын ортосундагы айырма 332 млн долларга чейин кыскарды. Салыштырсак, 2024-жылдын аягында ички карыз ИДПнын 11.3%ын түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 15.8%га жеткен. Ал эми 2026-жылдын ортосунда күтүлүп жаткан ИДПнын 18.15%ына чейин өскөн.
Ички карыздын дээрлик баары — 424.6 млрд сом — узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарга туура келет. Дагы 2.4 млрд сом кыска мөөнөттүү казына облигациялары боюнча карыздар.
Тышкы карыздын негизги бөлүгү жеңилдетилген насыялардан турат. Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарына 2.64 млрд доллар, ал эми айрым мамлекеттерге жана алардын өнүктүрүү институттарына дагы 1.8 млрд доллар карыз. Мындан тышкары, 2025-жылы чыгарылган еврооблигациялар боюнча 700 млн доллар карыз бар.
Кыргызстандын эң ири чет өлкөлүк кредитору Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы . Ага болгон карыз 1.41 млрд долларды же тышкы карыздын 27.1%ын түзөт. Андан кийинки орундарда Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы — 939.8 млн доллар жана Азия өнүктүрүү банкы — 867.8 млн доллар менен турат.
Карыздын ИДПга карата катышы 2026-жылы Кыргызстандын күтүлүп жаткан экономика көлөмү — 2.35 трлн сомдун негизинде эсептелген. Ошондуктан ИДПнын так көлөмү аныкталгандан кийин мамлекеттик карыздын жалпы жүгү өзгөрүшү мүмкүн.
