
Жарыяланган
2026-29-05, 16:33Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү акыркы алты жылда 2.5 эседен ашык көбөйдү. Ал эми 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 1.67 трлн сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин бизнес-чөйрө башкармалыгынын башчысы Аким Насиров билдирди.
Анын айтымында, өнөр жай тармагындагы өсүү быйыл да уланууда. 2025-жылдын жыйынтыгында өнөр жай өндүрүшүнүн индекси 110.6%ды түзсө, 2026-жылдын алгачкы төрт айында өсүш 114.7%га чейин жеткен.
Мындан тышкары, өнөр жай тармагындагы өсүштө «Кумтөрдү» кошпогондо 2026-жылдын январь-апрель айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 19.9%га өскөн. Бул экономикадагы башка тармактарда да өндүрүш кеңейип жатканын көрсөтөт.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өнөр жай тармагы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 17.7%ын түзгөн. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 23%га чейин жеткирүү пландалууда.
2020–2025-жылдар аралыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 325.1 млрд сомдон 799.7 млрд сомго чейин өскөн. Өкмөттүн божомолуна ылайык, кийинки беш жылда бул көрсөткүч эки эседен ашык көбөйүп, 1.67 трлн сомго жетиши мүмкүн.
Ал эми, «Кумтөрдү» эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 2020-жылы 153.5 млрд сом болсо, 2025-жылы ал 480 млрд сомго жеткен. Ал эми 2030-жылга карата бул көрсөткүч 927.1 млрд сомго чейин жетет деп божомолдонууда.

