Akchabarsearch
Кыргызстандын жаратылыш парктары 37.7 млн сом киреше тапты

Жарыяланган

2026-13-03, 17:03

Кыргызстандын жаратылыш парктары 37.7 млн сом киреше тапты

2025-жылы Кыргызстандагы мамлекеттик жаратылыш коруктары жана парктары туризмден 37.7 млн сом киреше тапты. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. 

Жыл ичинде жаратылыш аймактарына 271 миң 254 адам барган. Экотуризмге кызыгуу өсүп, туристтердин саны 24%га көбөйгөн. Келгендердин көбү — 250.5 миңден ашык адам — Кыргызстандагы ички туристтер.

Ошол эле учурда жаратылышты коргоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн. Жыл ичинде 139 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, келтирилген зыян 1.1 млн сомду түзгөн. Мыйзам бузуулардын 70%га жакыны өсүмдүктөргө зыян келтирүү менен байланышкан.


Тектеш материалды окуу