Akchabarsearch
Кыргызстанга 981.3 млн доллар эл аралык каржылоо бекитилди

Жарыяланган

2026-05-05, 12:59

Кыргызстанга 981.3 млн доллар эл аралык каржылоо бекитилди

2025-жылы Кыргызстанга эл аралык каржы институттары тарабынан бекитилген суверендүү каржылоонун көлөмү 981.3 млн долларды түздү. Бул 2013-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. 

Былтыр жалпы Евразия аймагында бекитилген каржылоонун көлөмү 10.3 млрд долларды түздү. Бул эл аралык каржы институттарынын аймакка болгон кызыгуусу жогору бойдон калганын көрсөтөт.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2025-жылы Евразия аймагында тартылган каржылоонун көлөмү боюнча 4-орунду ээледи.

Өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:

•  Өзбекстан — 4.9 млрд доллар (47.9%) 
•  Казакстан — 1.5 млрд доллар 
•  Армения — 1.1 млрд доллар 
•  Кыргызстан — 981.3 млн доллар 
•  Тажикстан — 369.6 млн доллар

Каржылоо негизинен транспорт тармагын өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүн адаптациялоого жана мамлекеттик башкарууда санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат.

Жалпы каржылоонун түзүмүнө ылайык, 7.5 млрд доллар инвестициялык долбоорлорго, ал эми 2.5 млрд доллар макроэкономикалык колдоого каралган.

Суверендүү каржылоо — бул эл аралык каржы уюмдары тарабынан мамлекеттерге өнүгүүгө жана кризистик кырдаалдарды жеңүүгө жардам берүү үчүн берилчү каражаттар.
 


Тектеш материалды окуу