Akchabarsearch
Кыргызстанга “Airbus А321ceo” үлгүсүндөгү эки учак сатып алынат

Жарыяланган

2026-05-03, 14:45

Кыргызстанга “Airbus А321ceo” үлгүсүндөгү эки учак сатып алынат

Бүгүн, 5-мартта “Кыргызстан аэропорттору” ААК жана “BBAM Aircraft Leasing & Management” компаниясы эки “Airbus А321ceo” учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы учактар Кыргызстандын жарандык авиациясын модернизациялоого, каттамдарды кеңейтүүгө жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Ал ошондой эле 2021–2025-жылдары аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн саны 52%га, аткарылган каттамдар 53%га өскөнүн кошумчалады.

“Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье кызматташууга ыраазычылыгын билдирип, авиация тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүдө биргелешкен долбоорлорду улантууга даяр экенин билдирди.

Учактар быйылкы жылдын аягына чейин “Кыргызстан аэропорттору” ААКга өткөрүлүп берилет жана “Асман Эйрлайнс” улуттук авиакомпаниясын колдоого багытталат.


Тектеш материалды окуу