Akchabarsearch
Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын импорттоого алты айга тыюу салынат

Жарыяланган

2026-13-10, 11:06

Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын импорттоого алты айга тыюу салынат

Кыргызстанга гипстен жасалган айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген гипс плиталарын, такталарын, панелдерин жана ушул сыяктуу буюмдарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө киргизилди. Тыюу токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирип, алты ай бою колдонулат. 

Чектөө Кыргызстандын аймагы аркылуу бажылык транзит менен ташылган товарларга, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден алып келинген продукцияга, ошондой эле бекитилген инвестициялык макулдашуулардын жана мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында ташылып келүүчү товарларга жайылтылбайт.

Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик чек ара кызматына аталган товарлардын мыйзамсыз ташылып келинишинин алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.


Тектеш материалды окуу