Жарыяланган
2025-10-05, 13:50Быйыл январь – март айларында Кыргызстанга чет жактан дээрлик 6 миң тонна банан импорттолду. 2024-жылы үч айда өлкөгө сырттан 5.8 миң тонна банан келген.
Кыргызстанга ташылып келген банандардын 90%дан ашыгы Эквадордон сатып алынган. Ал жактан 5 миң 397.3 тонна импорттолду. Былтыр январь – март айларында Эквадордон 5 миң 32.6 тонна банан ташылып келген.
Кызыктуусу быйыл Индиядан Кыргызстанга алгач ирет банан импорттолду: 41.8 тонна сатып алынган. Буга чейин аталган өлкөдөн банан ташылып келген эмес.
Ошол эле учурда Түркиядан банандын импорту токтогон. 2024-жылы ал жактан 73.5 тонна банан сатып алынган.
Ошондой эле Кытайдан банандын импорту 362.4 тоннадан 163.8 тоннага чейин жана Россиядан 430.2 тоннадан 391.2 тоннага чейин азайган.