Akchabarsearch
Кытайдан Кыргызстанга 1.85 млрд долларга жакын түз инвестиция келген

Жарыяланган

2026-28-08, 15:56

Кытайдан Кыргызстанга 1.85 млрд долларга жакын түз инвестиция келген

2021–2025-жылдары Кытайдан Кыргызстанга 1.85 млрд долларга жакын түз инвестиция келген. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 28-августта кыргыз-кытай инвестициялык форумунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытай менен өндүрүш, энергетика, айыл чарба жана санариптештирүү багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Кызматташтыктагы негизги долбоорлордун бири — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Анын курулушу жүк ташууну кеңейтүүгө жана жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.

Форумда инвестиция тартуу үчүн төмөнкү багыттар белгиленди:

·  Өнөр жай: Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачуу жана кытайлык технологияларды колдонуу;
·  Энергетика: электр энергиясын өндүрүү жана энергетикалык инфраструктураны  жаңылоо;
·  Айыл чарба: айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана тамак-аш өндүрүшүн өнүктүрүү;
·  Санариптештирүү: жасалма интеллект, маалымат борборлору жана санариптик кызматтар боюнча долбоорлор.

Форумдун алкагында соода-экономикалык кызматташтык, транспорт жана логистика, ошондой эле сооданы санариптештирүү боюнча талкуулар өттү. Кыргыз жана кытай ишкерлери B2B жолугушууларды өткөрүп, бир катар документтерге кол коюшту.


Тектеш материалды окуу