Жарыяланган
2026-10-04, 14:12Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу ири фармацевтикалык завод куруу пландалууда. Бул маселе Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин эл аралык инвесторлор менен болгон жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development) жана «Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи» компанияларынын, ошондой эле Польшанын «LEKAM» фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар катуу жана суюк формадагы дары-дармектерди, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселелесин карашты.
Инвестициялардын жалпы көлөмү 25 млн долларды түзөт, долбоор 800гө чейин жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Заводду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында куруу пландаштырылууда.
Касымалиев мамлекеттик органдар тарабынан инвестициялык долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.