
Жарыяланган
2025-04-11, 14:19Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда бир жылда 277 компания ачты. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, 2019-жылы өлкөдө кытайлык капиталы бар 679 ишкана иштеп турган. 2020-жылы алардын саны 644ка чейин кыскарган. 2021-жылы – 606ны, 2022-жылы – 577ти түзгөн. 2023-жылы алардын саны кайра өсө баштап, 654кө жеткен. Ал эми 2024-жылы Кыргызстанда кытайлык капиталы бар 931 ишкана иштеген. Бир жылда алардын саны 277ге көбөйгөн.
Аталган 931 ишкананын 706сынын капиталы жалгыз гана кытайлык ишкерлерге таандык.
Жалпы алганда 2024-жылы Кыргызстанда чет элдик капиталы бар 5 миң 724 ишкана иштеген. Алардын 16.3%ы – кытайлык капиталы бар ишканалар.



