
Жарыяланган
2025-19-12, 17:47Мамлекеттик салык кызматы «Учкун» Ачык акционердик коому менен биргеликте быйылкы жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142.2 миң тонна бензин жана дизель майын маркалады. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
Ошондой эле, быйыл 11 айда күйүүчү-майлоочу материалдардан (КММ) акциз салыгы катары 3 млрд 736.7 млн сом түштү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 79.6 млн сомго көп.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда бензин менен дизель майын милдеттүү маркалоо киргизилген. 2025-жылдын 1-январынан баштап маркасы жок майды колдонууга тыюу салынган.
Маркалоо КММнын мыйзамсыз сатылышына каршы күрөшүүгө, күйүүчү майдын сапатын жогорулатууга жана акциз салыгын башкарууну жакшыртууга жардам берет.
