Akchabarsearch
ӨКМ: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-25-03, 13:45

ӨКМ: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 26-28-март күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу бар.

Министрлик арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоону сунуштайт.


Тектеш материалды окуу