
Жарыяланган
2025-20-11, 17:07И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) мугалимдердин мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, айрым мугалимдер студенттерге чет өлкөлүк университеттердин жасалма академиялык маалымкаттарын жана транскрипттерин берип, алардын негизинде 200дөй студент аталган окуу жайга мыйзамсыз которулган.
Бул факты боюнча КМТУнун кафедра доценти Ш.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
