
Жарыяланган
2026-10-08, 11:20Кочкор-Ата шаарында сел өтүүчү каналдардагы эки темир-бетон көпүрөнү оңдоо жана калыбына келтирүүгө 21 млн 784 миң 480 сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Анын ичинен Транспорт көчөсүндөгү көпүрөгө 8 млн 362 миң сом, И. Дыйканов көчөсүндөгү көпүрөгө 13 млн 423 миң сом жумшалат.
Оңдоо иштери келишим түзүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде аткарылышы керек.
Тендерге катыша турган компаниялар тиешелүү лицензияга, көпүрө куруу жана оңдоо боюнча тажрыйбага, керектүү адистерге жана техникага ээ болушу зарыл.
Тендердик сунуштар 13-августка чейин кабыл алынат
