
Жарыяланган
2026-09-04, 17:05Кочкор районунда жаңы автобекет курулууда. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объекттин курулушу 2025-жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш иштер 45%га аткарылды.
Долбоор боюнча автобекеттин жалпы аянты 14 миң 469 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттуу имарат, транспорттук техникалык тейлөө, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү каралган.
