Akchabarsearch
    Кыргызстан кофени аз импорттой баштады

    Жарыяланган

    2025-19-06, 17:00

    Кыргызстан кофени аз импорттой баштады

    Кыргызстан кофени аз импорттой баштады. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматтарынан көрүүго болот.

    Маалыматка ылайык, быйыл январь-апрель айларында өлкөгө 95.1 тонна кофе ташылып келип, анын баасы 70.2 млн сомду (802.9 миң доллар) түзгөн. Былтыр төрт айда 120.1 тонна сатып алынып, анын баасы 80 млн сом болгон. 

    Былтыркыдай эле бул жылы да кофенин көбү Россиядан келген. Бирок анын көлөмү 86.6 тоннадан 50.1 тоннага чейин азайган. Кыргызстанга кофе саткан өлкөлөрдүн арасында Казакстан экинчи орунда турат. Ал быйыл импортту дээрлик эки эсе көбөйткөн. 

    Аны менен катар кофе Кыргызстанга Италия, Түркия, Колумбия, Германия, Литва, Кения, Франция өндүү мамлекеттерден келет. 


    Тектеш материалды окуу