
Жарыяланган
2025-19-12, 18:26Ош облусунда Түркиядан алтын жана дары-дармектерди мыйзамсыз ташып жүргөн трансулуттук кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Топко Өзбекстандын 15 жана Кыргызстандын 10 жараны кирген. Аларга көмөктөшкөн Бажы кызматынан 2 кызматкер (анын ичинде нөөмөт башчысы) жана Чек ара кызматынан 1 аскер кызматкери кармалды.
УКМКнын Ош облусу боюнча Мамлекеттик Чек ара кызматы жана «Ош» бажысы «Стамбул-Ош» каттамындагы жүргүнчүлөрдүн жүгүн текшерип, дары-дармектер менен зер буюмдардын ири партиясын аныкташкан.
Бул кылмыштуу топ Түркиядан кымбат баалуу дары-дармектер жана алтын буюмдарын алып келип, андан соң Өзбекстанга аткезчилик жолу менен өткөрүп турган. Быйыл алар 50ден ашык каттам жасап, 50 килограммдан ашык алтынды мыйзамсыз ташыганы белгилүү болду.
Экономикалык аткезчилик фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүп, топтун негизги уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алардын ичинде Өзбекстандын 3 жараны жана Кыргызстандын 5 жараны бар.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлер изделүүдө, жана тергөө иштери уланууда.
