Akchabarsearch
Коомдук жайда тамеки чеккен Улан Ниязбековго айып пул салынды

Жарыяланган

2026-23-03, 13:27

Коомдук жайда тамеки чеккен Улан Ниязбековго айып пул салынды

Социалдык тармактарда ички иштер министри Улан Ниязбеков  Кыргыз улуттук драма театрынын имаратынын капталында тамеки чегип турган видеосу талкууга алынган.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү. 

Ошондой эле министрлик Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгиледи.

Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат. 


Тектеш материалды окуу