Akchabarsearch
Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт тапшырылды

Жарыяланган

2026-20-01, 18:03

Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорттун ачкычын тапшырды. Алардын ичинде 19 даана JAC T-6 унаасы, 36 Chevrolet, 18 «Газель» фургону, 5 автобус жана 3 JAC Sunray кичиавтобусу бар.

Адылбек Касымалиев техникалар аскерлердин мобилдүүлүгүн жакшыртып, ыкчам жана коопсуз кыймылын камсыз кыларын белгиледи. Ал ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн бюджети акыркы жылдары 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайыздан ашык өскөнүн кошумчалады.

Коргоо министрлигинде санариптештирүү иштери жүрүп, аскердик каттоонун электрондук системасы киргизилди, аскердик билеттер санариптештириле баштады.

Учурда Бишкекте батирди ижарага алып жашаган аскерлерге ижара акы компенсациясы күнүнө 500 сомго чейин, аймактарда 420 сомго чейин көтөрүлдү. 

Ипотека төлөгөндөргө Бишкекте айына 18 миң сом, аймактарда 15 миң сом каралган, 20 жылдан ашык кызмат өтөгөндөрдүн ипотекасы толугу менен төлөнөт. Мындан тышкары, жакын арада 900дөн ашык жаңы батир берилет.


Тектеш материалды окуу

  • Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт тапшырылды

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорттун ачкычын тапшырды. Алардын ичинде 19 даана JAC T-6 унаасы, 36 Chevrolet, 18 «Газель» фургону, 5 автобус жана 3 JAC Sunray кичиавтобусу бар.
    2026-20-01 12:03:18