
Жарыяланган
2026-23-04, 15:45Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсү, 173 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй 11 жылдан кийин расмий пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Жолугушууга Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин өкүлдөрү катышып, тиешелүү документтер тапшырылды.
Имарат 2014-жылы «Гарант Стиль Курулуш» ЖЧКсы тарабынан курулуп бүткөнүнө карабастан, көп жыл бою пайдаланууга берүү маселеси чечилбей келген.
Натыйжада тургундар батирлерин өз атына каттай албай, документ маселесинде кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Ошондой эле алар коммуналдык кызматтар үчүн жогорулатылган тарифтер менен төлөп келишкен.
Эми объектке шайкештик актысы берилип, жашоочулар мүлкүн мыйзамдаштырып, кызматтарды кадимки шартта пайдалана алышат.
